Жазгы талаа иштерине техникалардын даярдыгы 89%ы түздү: өлкөдө 22,3 миң трактор бар
www
6 апрель

Жазгы талаа иштерине техникалардын даярдыгы 89%ы түздү: өлкөдө 22,3 миң трактор бар

Республика боюнча бүгүнкү күндө 95 миңден ашык айыл чарба техника бар, деп билдирет Айыл чарба министрлиги.

Маалыматка ылайык, анын ичинен

  • тракторлор 22389 даана,
  • соколор 11544 даана,
  • үрөн сепкичтер 3468,
  • малалар 15467 даана,
  • жер семирткич чачкычтар 822 даана,
  • арык казгычтар 1731 даана,
  • жер тегиздегичтер 2023 даана,
  • трактор чиркегичтери 9169 даана жана башка техникалар.

Республиканын аймактарында жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарына карата айыл чарба субъектери тарабынан айыл чарба техникаларын оңдоп түзөө жана ремонтоо иштери жүргүзүлүп, техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр.

Азыркы учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 89% түздү. Республика боюнча талаачылык жумуштарына бардыгы болуп 22 389 трактордун ичинен 1972 трактор, же жалпы тракторлордун санынын 88%, соколордун 90%, үрөн сепкичтердин 90%, малалардын 90%, жер семирткич чачкычтардын 92%, арык казгычтардын 88%, жер тегиздегичтердин 88%, трактор чиркегичтеринин 88% даяр. Талаачылык жумуштарын аткарууга жалпы региондорду алганда жалпысынан 8 миңден ашык жер айдоочу жана 3,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышууда.