Роза Отунбаева: ШКУ дүйнө калкынын жарымын бириктирген "күчтүү жана олуттуу" уюмга айланды
26 июнь

Роза Отунбаева: ШКУ дүйнө калкынын жарымын бириктирген "күчтүү жана олуттуу" уюмга айланды

Кыргызстандын экс-президенти, БУУнун ак ниет элчиси Роза Отунбаева Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) 25 жыл ичинде дүйнөдөгү маанилүү эл аралык аянтчалардын бирине айланганын билдирди.

Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин Эл аралык аялдар форумунун алкагында сүйлөп жатып, уюмдун тарыхы 1996-жылы түзүлгөн «Шанхай бештигинен» башталганын, бүгүнкү күндө анын курамы 10 мүчө мамлекетке чейин кеңейгенин белгиледи.

«Бул – убакыттын өтүшү менен чыңдалып, өсүп-өнүккөн бекем, олуттуу жана кадыр-барктуу уюм», – деди Отунбаева.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ШКУга мүчө өлкөлөр Евразия материгинин аймагынын болжол менен 65 пайызын ээлейт. Ошондой эле бул мамлекеттерде дүйнө калкынын дээрлик жарымы жашайт.

Отунбаева азыркы глобалдык туруксуздук шартында кызматташтыкты чыңдоо жана диалог жүргүзүүчү эл аралык аянтчаларды өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан ШКУга төрагалык кылып жатканын белгилеп, уюмдун юбилейлик саммитинин Бишкекте өткөрүлүшүнүн маанисине өзгөчө токтолду.