Ак-Суу айылындагы таза суу көйгөйүн чечүү боюнча иштер уланууда
2026-жылдын 11-августунда «Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси А. Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Суу айылына барып, таза суу системасынын абалы менен жеринен таанышты.
Ак-Суу айылындагы таза суу системасы 1960-жылдары курулуп, пайдаланууга берилген. Ал суу Алтын-Арашан суусунан алынган суу менен камсыздалып келген. Бирок акыркы 10 жылдан ашык убакыттан бери жай мезгилинде абанын температурасы жогорулаганда суунун сапаты начарлап, айыл тургундары үчүн таза суу маселеси курч бойдон калууда.
Мындан тышкары, мурда 3 миң адамга эсептелип курулган суу системасы бүгүнкү күндө 10 миңден ашуун калкы бар айылдын муктаждыгын толук камсыздай албай келет.
Бул көйгөйдү чечүү максатында 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондунан 355 млн сом каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө анын алкагында 7 скважина казылып, 20 чакырым суу түтүгү тартылып, жалпы көлөмү 4 миң куб метр болгон суу сактагычтар курулду.
Акылбек Түмөнбаев кайрадан 2026-жылдын сентябрь айында ведомстволук аралык комиссия түзүп курулуш иштери менен жеринен таанышканы келээрин белгиледи.
Бул долбоордун ишке ашырылышы менен айыл тургундарын сапаттуу жана үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылууга шарт түзүлөт.
