КР ИИМ
29 апрель
Оштогу милиция кызматкеринин кайрылуусу боюнча бир нече кызматкерге тартиптик чара көрүлдү
ИИМдин Күзөт кызматынын Ош шаарынын күзөт бөлүмүнүн милициянын старшинасы М.Б. кесиптештери тарабынан психологиялык, моралдык басымга кабылгандыгы тууралуу билдирмесинин негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМден атайын жумушчу тобу түзүлүп, кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгы менен Күзөт кызматынын Ош шаарынын Чыгыш күзөт бөлүмүнүн башчысы жана 7 кызматкер ар кандай тартиптик жазаларга тартылды.
Өздүк курам менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тартип бузууларга, ИИОнун кызматкерлеринин жүрүм-турум этикасына туура келбеген көрүнүштөргө жол бербөө боюнча алдын алуу жумуштары жүргүзүлдү.
