Президент аймактарга каттамдар тууралуу: 30 жылда чирип бүткөндү 3-4 жылда калыбына келтирүү кыйын
Президент Садыр Жапаров Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда транспорт жаатындагы 30 жыл түптөлүп калган “бардакты” акырындык менен иретке келтирип жатышканын билдирди.
Баетов айылынын тургуну Мураталиева Субайда президентке 2025-жылдын 22-июнунда Бишкек-Баетов каттамындагы эл ташыган транспорт айдоочунун жана автобазанын шалаакылыгынан кырсыкка кабылып, апасы Жолдошалиева Шарипа көз жумганын айтып, кайрылды.
Тургундун айтымында, Бишкек вокзалы каттамда жок, техникалык кароодон өтпөгөн автобусту тажрыйбасы жок айдоочунун башкаруусунда түнкү каттамга чыгарышкан. Бирок кырсыктан кийин жооптуу тарап жоопкерчиликти моюнуна алуудан баш тартышкан.
Президент тиешелүү тарапка бул ишти кылдат кароону тапшырды.
“Адилеттүү карагыла. 30 жылдан бери “бардак” болуп, таксиси деле, автобусу, бусиги деле башаламан болгон, азыр баарын иретке келтирип жатабыз. Автобазаларды менчикке өткөрүп, кафе катары иштетип алгандар да бар экен. Азыр баарын мамлекетке алып, калыбына келтирип атабыз. Жакынкы жылдарда автобустарды алып келип, аймактарга союз маалындагыдай болуп автобустар жүрө баштайт. Булардын баарын иретке келтиргенге эми күчүбүз жетип жатат”, – деди Жапаров.
Ал “30 жыл чирип бүткөндү 3-4 жылда калыбына келтирүү кыйын” экенин кошумчалады.
