Менин күнөөм жок — Камчыбек Ташиев ага карата козголгон кылмыш иши боюнча үн катты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев ага карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу кайрылуу жасады. Кайрылуунун текстин анын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Кайрылуунун тексти өзгөртүүсүз берилет:
“Урматтуу эл-журт!
Сиздерге мага карата козголгон кылмыш иши боюнча кайрылууга туура келип жатат. Себеби бүгүн эртең менен маалымат чыккандан бери көптөгөн адамдар тынчсызданып жатканын билдиришүүдө.
Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам.
Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «Кемпир-Абадчылар» да акталышты.
Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм.
Мен үчүн кыжаалат да, кабатыр да болбоңуздар. Ар бириңиздерге чоң рахматымды айтамын, ыраазычылык билдирем. Буюрса, баары жакшы болот".
