Оштун көркү болгон Г. Айтиев көчөсү толугу менен жаңыланды
Бүгүн, 19-июлда Ош шаарында Г. Айтиев көчөсүнүн Ш. Руставели көчөсүнөн Алымбек датка көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.
Долбоордун алкагында жалпы узундугу 1305 метр, туурасы 24 метр болгон жолго калыңдыгы 12 сантиметр жаңы асфальт-бетон катмары төшөлдү.
Ошондой эле көчөнүн эки тарабына жалпы узундугу 3400 метр жаңы тротуарлар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулуп, заманбап жол чиймелери түшүрүлүп, жол белгилери жаңыртылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Г. Айтиев көчөсүндөгү тротуарлардын абалы канааттандырарлык эмес болуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген.
Капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин көчө заманбап талаптарга ылайык толугу менен жаңыланып, автоунаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз, ыңгайлуу жүрүүсү үчүн бардык шарттар түзүлдү.
