www
26 июнь
Нурлан Мотуев 57 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Саясатчы, коомдук ишмер Нурлан Мотуев 57 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул тууралуу анын иниси Нурдин Мотуев билдиргендигин бир катар ЖМКлар жазышты.
Азырынча анын өлүмүнүн себеби айтыла элек.
Белгилей кетсек, ал журналистика жана саясат менен алектенип, “Жоомарт” элдик-патриоттук кыймылын жетектеген. Өмүрүнүн соңку жылдары социалдык тармакта активдүү болуп, ар кыл постторду жарыялап келген.
Нурлан Мотуев 1969-жылы 10-декабрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган.
