
Россия жер которгондорго кантип жардам берет
“Россиянын аймактары өзүнүн жер которуштуруу боюнча аймактык программаларын иштеп чыгууда, анын алкагында Мамлекеттик программанын катышуучулары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен иштөө уюштурулган. Жергиликтүү бийликтер Мамлекеттик программанын катышуучуларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кабыл алуу, жайгаштыруу, турак-жай, социалдык колдоо, медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн жаратуу иштерин жүргүзөт. Ошондой эле жер которгондорду ишке орноштуруу, интеграциялоого көмөк көрсөтүү аракеттерин да колго алат. Ошондуктан Россия Федерациясынын аймагына жер которууну пландоодо биринчи кезекте мампрограмманы жана кайсы аймагына көчөйүн деп жатсаңыз, ошол жердин аймактар программасын окуп чыгыңыз. Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин сайтында көчүүнү пландап жаткандар үчүн этап-этабы менен нускама бар, аны жакшылап окуңуз”, - деди Россия ИИМинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Андрей Хорошун.
Иш чараны Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен «Содружество» этникалык орустардын Ош облустук коомдук бирикмеси уюштурду. Ушул эле күнү Жалал-Абад шаарында Россиянын элчилигинин колдоосу менен «Идел» татар-башкыр маданий борбору коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган Мамлекеттик жер которуштуруу программасынын алкагында мекендештер үчүн тегерек стол болуп өттү.