Казакстандын Акмола облусунда дамба жарылып кетти
Казакстандын Акмола облусунун Коргалжын районунда «Шоптыкөл» плотинасы жарылып кетти. Бул тууралуу дүйшөмбү, 6-апрелде өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Гидротехникалык курулуш Сабынды айылынан түндүк тарапта 2 чакырым аралыкта жайгашкан.
Бул калктуу конуш Казакстандын борбору Астана шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашып, анда миңден ашуун адам жашайт.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, полиция жана жол кызматтары тартылды. Иш-чарага министрликтин 170 кызматкери жана 43 техника бирдиги катышууда.
Учурда алар дамбаны бекемдөө, инерттик материалдарды төгүү жана сууну буруу иштерин жүргүзүп жатышат.
