Таласта жамгырлатып сугаруу технологиялары кеңири колдонула баштады
9 июнь

Таласта жамгырлатып сугаруу технологиялары кеңири колдонула баштады

Таласта жамгырлатып сугаруу технологиялары кеңири колдонула баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, Таласта районунда жергиликтүү тургун быйыл суунун тартыштыгынан улам жамгырлатып сугаруу системасын орнотуп, төө буурчак талаасын иштетип жатат.

Бул Талас районунда биринчилерден болуп орнотулган жамгырлатып сугаруу технологиясы. Ал үчүн 300 кубдук кыймылдаткыч Алматы шаарынан алып келинип, шланг, түтүктөр Шымкенттен алдырылган.

Бул ыкма менен жергиликтүү тургун 1000 метр (500 метр жогору, кайра 500 метр төмөн) аралыктагы талаасын сугарып жатат. Суунун басымын трактордун жардамы менен камсыз кылышат. Бирок аны кыймылдаткыч менен дагы иштетүүгө мүмкүн.

Дыйкандын айтымында, жамгырлатып сугаруу ыкмасы жергиликтүүлөр үчүн ыңгайлуу, сууну сарамжалдуу колдонууга шарт түзөт. Айтсак, 20 солго корой турган суу менен 60 солду кенен сугарып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Таласта апрель-май айларындагы жаан-чачын аз болгондугуна байланыштуу, өзөндөгү суулар кескин түрдө азайып, каналдарга толук сугат суу жетпегендигине байланыштуу ушул жылдын май айынан баштап облус боюнча сууну которуштуруу (водооборот) ыкмасына өткөн.