«Эне сүтүн алмаштыруучу заттардын маркетингинин эл аралык эрежелеринин топтомунун жоболорун ишке ашыруу жөнүндө» аттуу тегерек стол өттү
Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңеште «Эне сүтүн алмаштыруучу заттардын маркетингинин эл аралык эрежелеринин топтомунун жоболорун ишке ашыруу жөнүндө» аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү мамлекеттик органдардын, медицина тармагынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столду Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева алып барды. Эл өкүлү иш-чаранын жүрүшүндө балдарды жасалма тамактандыруунун коопсуздугуна байланышкан кеңири маселелер талкууланганын белгилеп, өзгөчө бала эмизүүнүн ролуна, анын баланын толук кандуу өнүгүшү жана ден соолугун чыңдоодогу маанисине көңүл бурулганын айтты.
«Кыргызстанда бала эмизүүнүн көрсөткүчү болгону 44%ды түзөт. Ошол эле учурда эне сүтүн алмаштыруучу азыктардын агрессивдүү жарнамасы байкалууда. Балдардын ден соолугуна салынган инвестиция – бул келечекке салынган инвестиция», – деген депутат Токтобүбү Ашымбаева саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдарды, айрыкча балдарды жасалма тамактандыруу үчүн арналган азыктарды жана каражаттарды жарнамалоону жөнгө салуучу бөлүктөрүн өркүндөтүү зарылдыгын билдирди.
Мындан тышкары, тегерек столдо ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Джунг Тапа жана ЮНИСЕФтин юридикалык маселелер боюнча адиси Екатерина Щац сөз сүйлөдү. Эксперт Нуржан Бардинова «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору боюнча кыскача маалымат берди.
Депутаттар Салтанат Аманова, Гүлнара Баатырова, Гүлай Машрапова, Жылдыз Эгенбердиева жана Умбеталы Кыдыралиев аталган мыйзам долбоорун колдоп, бала эмизүүнү жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасыз болуп жатканынын бирден-бир себеби эне сүтүн алмаштыруучу жасалма азыктардын жарнамасы жана аларды илгерилетүүнүн башка ыкмалары экенин белгилешти. Эл өкүлдөрү ошондой эле мындай азыктардын «жашыруун» жарнамасына жана аны көзөмөлдөө механизмдерине токтолушту.
Катышуучулар андан сырткары ымыркайларды эрте куракта туура тамактандыруунун актуалдуу маселелерин талкуулап, тамактандыруу ыкмаларын туура тандоонун иммунитеттин калыптанышына жана балдардын жалпы ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу да кеп кылышты.
