Секунда санаган учурда: Ысык-Көл милициясы жабыркаган жаранды ооруканага жеткирүүгө көмөктөштү
19 июль

Секунда санаган учурда: Ысык-Көл милициясы жабыркаган жаранды ооруканага жеткирүүгө көмөктөштү

2026-жылдын 17-июль күнү Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде 2005-жылы туулган чет өлкөлүк жаран электр тогуна урунуп, медициналык жардам алуу үчүн ооруканага жеткирилип жаткан учурда күтүүсүз кырдаалга туш болгон.

Тактап айтканда, Чолпон-Ата шаарындагы жол тыгынына байланыштуу жабыркаган жаранды ооруканага өз убагында жеткирүүдө кыйынчылык жаралып, милиция кызматкерлеринен жардам суралган.

Ысык-Көл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери ыкчам аракет көрүп, көчмө кабылдама кызматтык автоунаасы менен жабыркаган жаранды жол тыгынынан алып чыгып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө тез арада жеткиришкен.

Дарыгерлер тарабынан зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда жарандын абалы туруктуу экени маалымдалды.