Талас дарыясына агып кеткен өспүрүм табыла элек. Издөө иштерине 400 адам тартылды
видеодон алынган кадр
26 июнь

Талас дарыясына агып кеткен өспүрүм табыла элек. Издөө иштерине 400 адам тартылды

Талас дарыясына агып кеткен 15 жаштагы өспүрүм төрт күндөн бери табыла элек. 

ӨКМдин Талас башкармалыгынан кабарлашкандай, бүгүн, 26-июнда таңкы саат 05:00дөн тарта издөө-куткаруу иштери кайрадан башталып, ага жалпы 400дөн ашык адам тартылган.

Издөө иштери дарыянын жээктеринде жана кооптуу тилкелеринде күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, бардык мүмкүн болгон аймактар кылдат текшерилүүдө.

ӨКМ тарабынан издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз улантылып, кырдаал көзөмөлдө болууда.

Белгилей кетсек, окуя 23-июнда катталган.