“Түндүк” тиркемеси эмнеге кээде иштебей калат? – жетекчиси түшүндүрдү
“Түндүк” тиркемесинде учурда 86 мамлекеттик кызмат жайгашкан. Алардын баары суроо-талапка ээ. Бул тууралуу мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Талант Аманов билдирди.
Ал эмне үчүн тиркеме кээде иштебей калат деген суроого мындай жооп берди:
“Бул комплекстүү тиркеме. Иштебей калышы бир гана тиркемеден көз каранды эмес. Мүчүлүштүк кээде интернет-провайдерден, кээде мамлекеттик органдардан, ал эми кээде техникалык операторлордон кетиши мүмкүн. Биз азыр мындай көрүнүштү токтотуу үчүн ар кайсы тараптан техникалык жумуштарды аткарып жатабыз. Бирок бул үчүн убакыт керек”.
