Жаңы аттракциондор, амфитеатр жана воркаут аянтчалары. Манас шаарында эс алуу багы жаңыланды
Манас шаарында жаңыланып, заман талабына ылайык реконструкцияланган “Манас” эс алуу багынын расмий ачылыш аземи 14-июнда болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылып, жалпы инвестициянын көлөмү 6 миллион АКШ долларын түзгөн.
Реконструкциялоо иштеринин алкагында парк аймагы толугу менен жаңыланып, заманбап жарыктандыруу системалары, ландшафттык жасалгалар орнотулган.
Мындан сырткары, балдар үчүн жаңы аттракциондор, спорттук жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, эс алуу зоналары, коомдук тамактануу жана соода түйүндөрү курулуп, аймак толугу менен видеокөзөмөл системалары менен камсыздалган.
Ачылыш аземинин жүрүшүндө Манас шаарындагы 200 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жана Ак-Жол балдарды реабилитациялоо борборунун тарбиялануучуларына парктагы аттракциондордон акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
