Бишкектин айрым аймактарында 10-июнда таза суу жок болот
9 июнь

Бишкектин айрым аймактарында 10-июнда таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 10-июнда саат 10:00дөн 22:00го чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Өчүрүү району:

• Шералиев – Бердибаев – Айылчиев – Жайыл Баатыр көчөлөрү менен чектешет.

Ичүүчү сууну өчүрүү диметри 200 мм шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.