Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери аяктады 
4 сентябрь

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери аяктады 

Муниципалитеттен кабарлашкандай, учурда жол толугу менен унаалар үчүн ачык.

Белгиленгендей, долбоордун алкагында диаметри 700 мм болгон түтүктөр толугу менен диаметри 900 мм болгон түтүктөргө алмаштырылып, бардык жапкычтар жаңыланды. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.

Муниципалитеттен кошумчалашкандай, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо шаардын түштүк аймагынын тургундарын туруктуу жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоодогу маанилүү кадам болуп саналат. Жаңы жылуулук тармагы жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат.