Чукул билдирүү. Кыргызстанда аба ырайы кескин төмөндөйт
4 сентябрь

Чукул билдирүү. Кыргызстанда аба ырайы кескин төмөндөйт

Кыргызгидрометтен билдиргендей,  7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк жеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Ош, Баткен, Нарындын айрым жерлеринде жамгыр болушу ыктымал

Чүй облусунда  түнкүсүн +4°...+9°, күндүз +13°...+18°

Таласта түнкүсүн +1°...+6°, күндүз +13°...+18°

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагында түнкүсүн +8°...+13°, күндүз +18°...+23°, тоо этектеринде — түнкүсүн -2°...+3°, күндүз +9°...+14°

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1°…-6°,күндүз +8°…+13°

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2°...+7°, күндүз +12°...+17°

Нарында 0°...+5°, күндүз +13°...+18°, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1°...-6°, күндүз +5°...+10° градус болот

8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай аба ырайы жыйнала элек мөмө-жемиш жана жашылчалар үчүн кооптуу.