
Юстиция министрлиги: Бишкек жана Чүйдө ЖЧКны каттоо толугу менен онлайн жүргүзүлөт
Онлайн каттоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жеткиликтүү (https://online.minjust.gov.kg/user)
Кагаз түрүндөгү арыздар кабыл алынбайт.
Юридикалык жактарды онлайн каттоонун ишке киргизилиши административдик процедураларды жөнөкөйлөтүүгө жана ишкерлерди санариптик экономиканын шарттарында бизнести өнүктүрүүдөгү умтулуусун колдоого багытталган.
Онлайн каттоонун кандай артыкчылыктары бар?
-Каттоо процесси бир топ тезирээк жана ыңгайлуураак болот.
-Каттоо органынынын иштөө тартибине карабастан, юридикалык жакты каттоо үчүн кайсы убакта болбосун кайрылууга мүмкүнчүлүк бар.
-Каттоо органына баруунун зарылдыгы жоголот.
-Бардык документтер санарип форматта сакталат, документтерди жоготуу тобокелдиги азаят.
Кызыккан суроолор боюнча 0312 62 62 10 (кошумча 135, 189 же 175) номерине, ошондой эле 0700 26 58 24 мобилдик номери аркылуу кайрылсаңыздар болот. Адистер арызды кантип туура толтуруу керектиги тууралуу кеңеш беришет.