Садыр Жапаров маанилүү датага карата ардагерлерге 200 миң сомдон төлөмдөрдү бекитти
Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоо тууралуу тескемеге кол койду. Маанилүү датага карата аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.
Бул максатта президенттик фонддон дээрлик 4,85 млн сом бөлүнөт. Ар бир тийиштүү категорияга кирген ардагерге 200 миң сомдон берилет.
Бул жардам Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына гана эмес, концлагерлер менен геттонун жашы жете элек туткундарына, ошондой эле Ленинград блокадасын баштан кечирген жарандарга да тиешелүү.
