Бишкек электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталды
КР ИИМ
29 апрель

Бишкек электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталды

Бишкек электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду, деп билдирет ИИМдин басма соз кызматы. 

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө 2023-жылдан 2026-жылдын март айына чейинки аралыкта ишкананын директору А.М. , башкы бухгалтер Ч.И. жана анын орун басары Д.Ш. менен алдын ала сүйлөшүп алып, мамлекеттик ишкананын акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурганы аныкталган.

Аталган схемага ылайык, бухгалтерия аркылуу жасалма ведомосттор түзүлүп, акча каражаттары айлык акы катары көрсөтүлүп, Д.Ш.нын банктык эсебине которулган. Андан соң акчалар накталай чыгарылып, катышуучулар арасында бөлүштүрүлгөн. Натыйжада мамлекеттик ишканага өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан 1969-жылы туулган А.М., 1972-жылы туулган Ч.И. жана 1980-жылы туулган Д.Ш. кармалган. Шектүүлөргө карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.