Депутат Кожокулова Бишкек мэриясы “Өлбөс полкту” “игнор” кылып жатканын айтты
29 апрель

Депутат Кожокулова Бишкек мэриясы “Өлбөс полкту” “игнор” кылып жатканын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Бишкек мэриясы олуттуу маселеге келгенде “игнор” режимине түшүп калаарын айтты. 

Ал белгилегендей, жыл сайын Кыргызстанда 9-майда “Өлбөс полк” жүрүшү өтөт. Бирок бул жылы апрелдин аягы болуп калса дагы, Бишкек мэриясы оңчулуктуу жообун бере элек. 

“Өлбөс полкту” уюштуруп жүргөндөр мэрияга уруксат бериңиздер деп кайрылып жатышат. Бирок мэриядан жооп жок: же макул, же жок дебейт. Эмнеге игнор? Кандай маселе жаралып жатат? Патриоттуулук маселеси кайда калды?” – деди депутат. 

Кожокулова 9-май кыргызстандыктар үчүн өзгөчө күн экенин, анткени Улуу Ата Мекендик согушта канча деген кыргызстандыктар өмүрүн бергенин жана тылда күжүрмөндүк менен эмгектенишкенин белгиледи. 

“Согуштун балдары азыр 80 жаштан ашып калышты. Бирок алардын неберелери, чеберелери чоң ата-чоң энесинин эмгегин, элесин даңалагысы келет. Эмнеге аймактарда жүрүштүн уюштуруучуларынын өтүнүчүнө дароо реакция кылып, жооп берип жатышат, а Бишкек мэрия унчукпайт?” – деди ал.