
Бишкекте бүгүндөн тарта №5 автобус каттамы иштей баштайт
Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошентип, 2024-жылдын 4-сентябрынан тарта мурда троллейбустар каттаган каттам боюнча жаны автобустар иштей баштайт.
Жолду оңдоо иштерине байланыштуу автобус убактылуу Медеров көчөсүн бойлой жүрөт.
Эскерте кетсек, №5 автобустук каттам Жал кичи районунан Тунгуч кичи районуна (акыркы көзөмөл пункту) чейин каттайт.