“Грин Сити” темир жол станциясына 500гө жакын турист келди
2025-жылдын 7-июнунда, Балыкчы шаарынын Ысык-Көл жээгинде жайгашкан жаңы “Грин Сити” темир жол станциясына экинчи каттам менен 500гө жакын ички жана тышкы туристтер келишти.
Туристтерди тосуп алуу иш-чарасына Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу А., шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана милициянын көчмө кабылдамасынын кызматкерлери катышышты. Иш-чаранын алкагында жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүлүп, коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо багытында тиешелүү чаралар көрүлдү.
Меймандар милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, укуктук маалыматтар жана кеңештер алышты. Туристтерге жеткиликтүү жана ачык түрдө маалымат берүү аркылуу милиция менен жарандардын өз ара байланышы күчөтүлдү.
Бул аракеттер туристтик аймактардагы коопсуздукту бекемдөөгө, алдын алуу иштерин күчөтүүгө жана коомчулук менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
