Нарын ОИИБ
11 август
Нарын облусунда 2,5 миң тонна жапайы кара куурай жок кылынды
Нарын облусунда «Кара куурай» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү, деп кабарлайт облустук милициянын маалымат кызматы.
Билдирүүгө ылайык, натыйжада жалпы 2 гектар жер аянтындагы болжол менен 2500 тонна жапайы өскөн кара куурай чөбү чабылып, өрттөө жолу менен жок кылынды.
Нарын ОИИБ тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле жапайы өскөн кара куурайларды аныктоо жана жок кылуу боюнча алдын алуу иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
