Парламент депутаттары «Кыргызиндустриянын» ишканаларынын иши менен таанышты
«Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Жарасул Абдрураимов Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын депутаттарын ишкананын иши менен тааныштырды.
Жарасул Абдураимовдун айтымында, ААКнын базасында жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, иштеп жаткан өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо жана кеңейтүү, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү аркылуу өнөр жайды жандандырууга багытталган 20га жакын долбоор түзүлдү.
«Биздин негизги милдетибиз жумушсуздукту жана эмгек миграциясын кыскартуу менен жаңы жумуш орундарын түзүү», - деп кошумчалады Жарасул Абдураимов.
Ишканалардын иши менен таанышкан депутаттар мындан ары да аталган компанияга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, анын ичинде мамлекеттик заказдарды түзүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарылдыгын кошумчалашты.
Ошол эле учурда фракция мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарынын алкагында жардам көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалашты.