Ыссык-Көл облусунда "Коопсуздук – 2026" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык окуу-машыгуусу өтөт
2026-жылдын 21–23-апрель күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунда «Коопсуздук-2026» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык окуу-машыгуусу өткөрүлөт.
Окуу-машыгуунун жүрүшүндө аскердик абал киргизилген шартта кырдаалды турукташтыруу боюнча окуу-күжүрмөн тапшырмалар аткарылып, резервдик түзүлүштөр практикалык түрдө чакырылат.
Ошондой эле стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо, блок-постторду коюу иштери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү жана резервдик түзүлүштөр тарабынан уюштурулат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын катышуусуна, аскердик техниканын кыймылына жана резервисттерди мобилизациялоо иш-чараларына байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жарандарды сабырдуулук сактоого жана өткөрүлүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
