Адылбек Касымалиев менен Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун эки тараптуу жолугушуусу болду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту.
Эки тараптуу жолугушуу МинКаб Төрагасынын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында өттү.
МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
