Нижний Новгород облусунда Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды
13 февраль

Нижний Новгород облусунда Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды

Нижний Новгород облусунда Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Россиянын аймактары ортосунда мамилелерди өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүүсүн орнотуу максатында 2025-жылдын 10-12-февралында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын Нижний Новгород облусуна иш сапары менен барып келди.

Сапар учурунда Элчи К.Бөкөнтаев Нижний Новгород облусунда Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдук кеңсесинин ачылыш аземине катышып, аймактын Губернатору Г.С.Никитин жана жергиликтүү Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Соода-Өнөр Жай Палатасынын башчысы А.С.Пушкин, Н.И.Лобачевский атындагы Нижний Новгород Мамлекеттик Университетинин ректору О.В.Трофимов, ошондой эле аймакта окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту.

Нижний Новгород облусунун башкармалыгында өткөн жолугушууда тараптар кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланып, Кыргыз Республикасы менен Нижний Новгород облусунун ортосунда мындан аркы өз ара аракеттенүү багыттары  белгиленди. Губернатор Г.С.Никитин, аймактын экономикалык жана илимий-билим берүү потенциалы менен тааныштырып, Кыргыз Республикасы менен экин тараптуу мамилелерди күчөтүүгө кызыкдар экендигин ырастады. Буга Кыргыз Республикасынын Нижний Новгород облусундагы Ардактуу консулдугунун ачылышы өз салымын кошуп өбөлгө түзөрүн белгилеп Ардактуу консулдуктун ачылышы менен эки тарапты тең куттуктады. Губернатор Г.С,Никитин, Элчи К.Боконтаевди жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигиндеги Кыргыз делегациясын, 2025-жылдын 3-6-июнунда Нижний Новгород шаарында өткөрүлүүчү "Россия өнөр-жайынын санариптик индустриясы" аталышындагы эл аралык конференцияга чакырды.

Өз кезегинде элчи кыргыз-россиялык мамилелердин бийик деңгээлин канааттануу менен белгилеп, тарыхый жактан калыптанган ишенимдүүлүк жана достук мамилелердин негизинде союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк багытында өнүгүп жатканын, Россия менен ар тараптуу диалогду мындан ары улантууга жана бекемдөөгө багытталганын ырастады.

Кыргыз Республикасынын потенциалы жөнүндө маалымдап жатып, акыркы жылдары өлкөнүн социалдык-экономикалык тармактагы жетишкендиктерине, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөргө жана мамлекеттин калкынын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатууга багытталган реформаларга өзгөчө көңүл бурду. Элчи К.Боконтаев, Губернатор Г.С. Никитинди 2025-жылы Кыргызстанда өтө турчу 12-чи Кыргыз-Россиялык Аймактык конференцияга жигердүү катышууга чакырды.

Тараптар, аймактар аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө жана Нижний Новгород облусунун Кыргыз Республикасынын облустары менен боордоштук байланыштар жөнүндө келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн кароого макулдашышты.

Унаа өнөр-жайы жана фарминдустриядагы аймактын потенциалын эске алуу менен өнөр-жай кооперациясынын долбоорлорун изилдөө, IT-тармагы, туризм жана биргелешкен билим берүү программалары менен алмашуу жаатында кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү боюнча пландарды белгилешти.

Маалымат иретинде:

*Россиянын Нижний Новгород облусунда 6 индустриалдык парк, 10 бизнес-инкубатор, 2 технопарк иштейт, алардын арасында санариптик технологияларды колдоо жана координациялоонун “Горький Тех” регионалдык борборунун ийгиликтүү ишмердүлүгүн, дүйнөлүк деңгээлдеги “Неймарк” жогорку окуу жайлар аралык ИТ-кампусту түзүү боюнча келечектүү долбоорду белгилөө керек. Ошондой эле региондо 7 кластер иштейт (индустриалдык инновациялык автоунаа куруу  “Газ” жана “ПАЗ” ААК, мунайхимия, өнөр жай, жеңил өнөр жай, биомедицина, кеме куруу, эл аралык IT жана Саровский инновациялык ишканалары). Нижний Новгород аймагы ИТ-тармагы жана программалык камсыздоону экспорттоо боюнча Россияда 3-орунду ээлейт. Облуста алдыңкы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча 3 атайын аймагы жайгашкан, ал эми 2020-жылы Дзержинск шаарында өнөр жай-өндүрүштүк типтеги өзгөчө экономикалык зона түзүлгөн.

**Эл аралык практикага ылайык Россиянын Нижний Новгород облусунда Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдук кеңсеси ачылып “Крайон” ИТ-компаниясынын башкы директору, Россиянын “Деловая Россия” бизнес-ассоциациясынын башкы кеңешини мүчөсү В.А.Юн Кыргыз Республикасынын Нижний Новгород облусундагы Ардактуу консулу катары дайындалган. Ардактуу консул катары ал, Нижний Новгород облусундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо жана Кыргыз Республикасынын Россиянын Нижний Новгород облусу ортосунда экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чындоо багытында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине көмөктөшүүгө милдеттүү.