Баткендеги Жаңы Достук айылында инфраструктуралык иштерди ыкчам бүткөрүү тапшырмасы коюлду
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жана Жогорку Кеңештин депутаттары Ырысбек Атажанов, Бурул Аманова Баткен районунун Жаңы Достук айылына барышты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Облус башчысы айылдагы бир катар инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышып, тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине иштерди кыска мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча так тапшырмаларды берди.
Атап айтканда:
- жашылдандыруу иштерин күчөтүү,
- тротуарларды курууну тездетүү,
- сугат суу маселелерин ыкчам чечүү боюнча конкреттүү милдеттер коюлду.
Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүл жана Жогорку Кеңештин депутаттары айыл тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү элди түйшөлткөн бир катар социалдык маселелерди укту.
Көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана тиешелүү органдар тарабынан ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Жолугушуунун жыйынтыгында айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү багытында иштерди ыкчамдатуу зарылдыгы белгиленди.
