Юстиция министри Аяз Баетов Япониянын элчисин кабыл алды
2026-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити мырза менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Япониянын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасын ишке ашыруунун алкагындагы эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Аталган программа Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин Японияга болгон мамлекеттик визитинин жүрүшүндө кол коюлган.
2025-жылы Япониянын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине расмий визитинин алкагында жетишилген макулдашуулардын ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы, анын ичинде укуктук системаларды биргелешип изилдөө иштери белгиленди. Ошондой эле Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Япониянын юстиция министрлеринин биринчи жолугушуусун өткөрүү демилгеси жапон тарабынан колдоого алынганы жана ал аймакта тажрыйба алмашуу жана укуктук кызматташууну чыңдоо үчүн жаңы диалогдук аянтча катары каралып жатканы белгиленди.
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын укук жана юстиция тармагындагы демилгелерин колдогону үчүн, ошондой эле мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин илгерилетүүгө жана юстиция тутумунун кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Япониянын Элчисине ыраазычылык билдирди.
Тараптар «Борбор Азия + Япония» регионалдык форматынын алкагында эки өлкөнүн юстиция министрликтеринин ортосундагы конструктивдүү диалогду улантууга жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.
