Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды: 20дан ашык эпизодго тиешеси бар
25 март

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды: 20дан ашык эпизодго тиешеси бар

2026-жылдын 5-февралында Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына Т.А. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, анда «М.» аттуу аялга карата чара көрүүнү суранган.

Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын 12-январында аталган жаран ишенимге кирип, 8 даана тигүүчү машиналарды жеткирип берүү шылтоосу менен алдоо жолу аркылуу 319 миң сом акча каражатын алып, милдеттенмелерин аткарбастан белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1987-жылы туулган М.Т. аттуу жаран аныкталып, Свердлов районунун ИИБнын тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө учурунда М.Т. аттуу жаран Бишкек шаарынын аймагында жасалган 20дан ашык ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Шектүүнүн карамагында жашы жете элек баласы болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 109-1-беренесинин негизинде ага карата бөгөт коюу чарасы катары электрондук көзөмөл (билерик тагуу) тандалды.

Учурда иш боюнча бардык жагдайларды тактоо жана кошумча кылмыш эпизоддорун аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.