Иран АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартты
Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани АКШ менен мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдү жандандыруу тууралуу маалыматтарды четке какты. Ал Х социалдык тармагындагы баракчасына: «Биз Америка менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзбөйбүз», — деп жазды.
Буга чейин бир катар ЖМКлар, анын ичинде The Wall Street Journal араб жана америкалык булактарга таянып, Лариджани Оман аркылуу ортомчулук кылуу менен Ирандын өзөктүк маселесин талкуулоону сунуштаган болушу мүмкүн экенин билдиришкен.
АКШ президенти Дональд Трамп болсо Ирандын жаңы жетекчилиги аскердик операция башталгандан кийин Вашингтон менен сүйлөшүү демилгесин көтөргөнүн айткан. Анын сөзүнө караганда, ал сүйлөшүүгө макул болгон, бирок Ирандын бул кадамы «кечигип жасалганын» жана эгер эртерээк болгондо чыңалууну алдын алууга мүмкүн болмоктугун белгилеген.
Ирандын өзөктүк программасы боюнча акыркы дипломатиялык жолугушуу 26-февралда Женева шаарында өткөн. Анда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи «жакшы жылыш» болгонун жана келечектеги келишимди предметтүү талкуулоо башталганын билдирген. Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди да «олуттуу прогресс» бар экенин белгилеген. Бирок Axios басылмасынын журналисти Барак Равид билдиргендей, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жолугушуунун жыйынтыгына нааразы болушкан.
Дипломатиялык пикир келишпестиктердин фонунда 28-февралда Израиль жана АКШ Иранга каршы аскердик операция баштаган. Анын максаты — Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экени айтылган. Жарылуулар Тегеран, Исфахан, Кередж жана Керманшах аймагында катталган.
Жооп иретинде Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларды ракета жана дрондор менен аткылаган.
Операциянын жүрүшүндө Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Абдулрахим Мусави жана коргоо министри Азиз Насирзаде каза болгону маалымдалды. Алгач бул маалыматты Дональд Трамп тастыктап, кийинчерээк Тегерандын расмий бийлиги да ырастады.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал өтө чыңалуу бойдон калууда. Азыркы этапта Вашингтон менен Тегерандын ортосунда сүйлөшүүлөр болбой турганы белгиленүүдө.
