Чүй облусунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелгендер кармалды
17 апрель

Чүй облусунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелгендер кармалды

2026-жылдын 16-апрелинде Чүй облусунун ИИББнын ЖКККБсынын кызматкерлери Аламүдүн районунун Ленин айылында жол коопсуздугун камсыздап жаткан учурда «KIA K7» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу аларга жардам сурап кайрылган. Ал 2003-жылы туулган М.М. аттуу жаранды белгисиз адамдар сабап кеткенин билдирген.

Кызматкерлер жабырлануучуну дароо Чүй облустук ооруканасына жеткиришип, андан соң Ленин айылына кайтып келишкен. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган К.А., 2007-жылы туулган К.Ж. жана 2009-жылы туулган Р.У. аттуу өспүрүмдөр кармалып, андан ары чара көрүү үчүн Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факт каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө К.А. менен М.М. ортосунда унаа токтотуучу жай талашып уруш чыккан, анын негизинде К.А. өзүнүн тааныш инилери менен биргеликте жабырлануучуну таяк менен сабагандыгы аныкталган. Натыйжада жабырлануучу эс-учун жоготкон учурда, шектүүлөр окуя болгон жерден из жашырышкан. Ал эми эс-учун жоготкон жаранды жолдон өтүп бара жаткан жаран көрүп, «KIA K7» үлгүсүндөгү автоунаасына салып, Чүй облусунун ЖКККБ кызматкерлерине кайрылган.

Шектүүлөр — 2008-жылы туулган К.А., 2007-жылы туулган К.Ж. жана 2009-жылы туулган Р.У. Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш ишинин алкагында керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.