Раиса Атамбаева ИИМге суракка чакырылды
17 апрель

Раиса Атамбаева ИИМге суракка чакырылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу Kaktus Media`га анын кызы Алия Шагиева билдирди.

Анын айтымында, сурак саат 17:00гө белгиленип, Раиса Атамбаева тергөө иштерине өзүнүн адвокаты Сергей Слесарев менен бирге барган.

Азырынча ИИМге чакырылуусунун себептери тууралуу кошумча маалымат бериле элек.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учурда Кыргызстандын чегинен тышкары жүрөт. Анын айтымында жана жакындарынын билдирүүсүнө ылайык, ал Испанияда дарыланууда.

2023-жылдын 14-февралында Алмазбек Атамбаев камактан бошотулган. Кийинчерээк криминалдык авторитет Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлгөнү белгилүү болгон. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту мурда чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарган. Ошондой эле экс-президентке дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилген.