Милициянын отставкадагы полковниги Нооманжан Аркабаев дүйнө салды
Ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Нооманжан Аркабаевдин узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ИИМден кабалрлашты.
Нооманжан Аркабаев өмүрүнүн чоң бөлүгүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кызмат кылууга арнаган. Көп жылдык кызмат мезгилинде ал Ички иштер министрлигинин көптөгөн жооптуу кызматтарында иштеген. Ал принципиалдуу, жогорку кесипкөйлүгү бар жана өз ишине берилген кызматкердин катарын толуктаган.
Андан кийин Нооманжан Аркабаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, мыйзам чыгаруу жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө салым кошкон.
Нооманжан Аркабаевдин жаркын элеси аны тааныган, аны менен иштешкен кесиптештеринин жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталып калат.
Ички иштер министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.
