Президент Кара-Балта шаарынын мэрин алмаштырды
Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэрин алмаштырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президент кол ккойгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри Джекшенов Мирлан Ратынбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президент кол койгон башка тескемеге ылайык, Салмурбек уулу Азат Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.
