Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 132 адамга жетти
Сүрөт ачык булактардан алынды
11 август

Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 132 адамга жетти

Колумбияда болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны кеминде 132 адамга жетти. 570ден ашуун адам жаракат алганын Колумбиянын борбордук шаарлар ассоциациясынын акыркы маалыматтары көрсөтүүдө.

Жер титирөө 10-августта эртең менен болгон. Анын күчү 7,4 баллга жеткен. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу өлкөнүн батышындагы Сан-Хосе-дель-Пальмар шаарынан болжол менен беш чакырым чыгыш тарапта жайгашып, очок 107 чакырым тереңдикте болгон.

Жер титирөөнүн кесепетинен ири масштабдагы кыйроолор катталды. Бийликтин маалыматына ылайык, 1,5 миңден ашуун турак үй жабыркап, ондогон имарат толугу менен урап калган. Кали, Перейра, Манисалес жана башка калктуу конуштарда олуттуу зыян келтирилген.

Эң оор кырдаал Перейра шаарында түзүлүп, акыркы маалыматтар боюнча, бул жерде 60 адам каза болгон. Куткаруучулар урандыларды тазалап, урандылардын алдында калгандарды издөө иштерин улантууда.

Жер титирөөдөн улам Кали, Перейра, Манисалес, Кибдо, Армения, Картаго жана Буэнавентура шаарларындагы аэропорттордун иши убактылуу токтотулган. Кийинчерээк Кали аэропорту кайрадан иштей баштаган.

Колумбиянын президенти Абелардо де ла Эсприэлья жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн ресурстарды мобилизациялоо максатында улуттук өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Бийликтин негизги артыкчылыгы — урандылардын алдында калган адамдарды куткаруу.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, бул жер титирөө Колумбияда XXI кылымда катталган эң күчтүү жер титирөө болду.