Кыргызстан менен Пакистан дары-дармек каражаттарын жөнгө салуу жаатындагы кызматташтыкты чыңдоодо
7 июль

Кыргызстан менен Пакистан дары-дармек каражаттарын жөнгө салуу жаатындагы кызматташтыкты чыңдоодо

Пакистан Ислам Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Пакистандын Дары-дармек каражаттарын жөнгө салуу башкармалыгынын (DRAP) ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документ дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жөнгө салуу жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жөнгө салуучу маалымат жана тажрыйба алмашууга, фармакологиялык көзөмөлдү чыңдоого, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, биргелешкен окутуу иш-чараларын өткөрүүгө, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык медициналык продукциянын сапатын камсыз кылуу жана инспекциялоо багытында өз ара кызматташууга багытталган.

Меморандумга кол коюу Кыргызстан менен Пакистандын саламаттык сактоо тармагындагы өнөктөштүгүн өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, эки өлкөнүн калкынын кызыкчылыгы үчүн дары-дармек каражаттарын жөнгө салуу системасын мындан ары өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.