Ошто менчиктештирилип кеткен 27 сотых стадиондун жерин бошотуу иштери башталды
26 январь

Ошто менчиктештирилип кеткен 27 сотых стадиондун жерин бошотуу иштери башталды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде Ош шаарындагы борбордук стадиондун чыгыш тарабында жайгашкан 27 сотых жер тилкесиндеги курулуштарды өз ээлери тарабынан бошотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган объектти текшерүү учурунда президенттин 1995-жылдагы социалдык инфраструктура объекттерин сатууга тыюу салган жарлыгынын талаптары бузулуп, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Анын негизинде УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылып, Ош шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен мурда жеке колдорго өтүп кеткен жер тилкелерин жана социалдык объектилерди мамлекетке кайтаруу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө.