Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды: келтирилген зыян 4 миллион сомдон ашат
25 март

Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды: келтирилген зыян 4 миллион сомдон ашат

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына С.Б. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, анда Д.С. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын июнь айында аталган жаран Түркиядан алып келинген делген алтын буюмдарды сатуу шылтоосу менен ишенимге кирип, 4 129 300 сом акчасын алып, андан кийин белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Д.С. аттуу, 1970-жылы туулган жаран аныкталып, Свердлов РИИБне жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иш боюнча бардык жагдайларды тактоо, ошондой эле шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.