Ошто айрым коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет
16 сентябрь

Ошто айрым коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет

Ош шаарында 16-сентябрдан тарта айрым коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мындай чара А.Мамыров жана Амир-Тимур көчөлөрүндөгү жолду оңдоп-түзөө иштери башталыштуу.

Төмөнкү кичи автобустук каттамдардын багыттары убактылуу өзгөртүлөт.

►№116 кичи автобустук каттамы өзүнө бектилип берилген кыймыл чиймеси менен келип Т.Атабаев, Макаренко, Амир-Темир Р.Абдыкадыров, И.Саидов, Г.Айтиев көчөлөрү менен эки багытта жүрөт;

► №119 кичи автобустук каттамынын азыркы жүрүп жаткан кыймыл чиймеси менен келип Санкт-Петербург, Амир-Тимур, Р.Абдыкадыров И.Саидов, Г.Айтиев көчөлөрү менен эки багытта жүрөт;

►№122 кичи автобустук каттамы Амир-Тимур, Р.Абдыкадыров, Ш.Руставели, Г.Айтиев көчөлөрү менен келип андан ары өздөрүнө бекитилген кыймыл чиймеси менен эки багытта жүрөт;

►№127 кичи автобустук каттамы Р.Абдыкадыров көчөсүнөн Ш.Руставели, Г.Айтиев көчөлөрү аркылуу келип бекитилген кыймыл чиймеси менен эки багытта жүрөт

►№146 кичи автобустук каттамы өзөрүнө бекитилген кыймыл чиймеси менен келип Т.Атабаев, Макаренко, А.Мамыров көчөлөрү менен эки багытта жүрөт;

►№157 кичи автобустук каттамы Р.Абдыкадыров көчөсүнөн Ш.Руставели, Г.Айтиев көчөлөрү аркылуу келип бекитилген кыймыл чиймеси менен эки багытта жүрөт.