Кыргызстан менен Анголанын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду
27 сентябрь

Кыргызстан менен Анголанын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду

Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында 26-сентябрда Кыргызстан менен Анголанын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу аземи өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Биргелешкен коммюникени Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Ангола Республикасынын тышкы байланыштар министри Тете Антонио кол коюшту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду күчөтүп, жогорку деңгээлдеги эки тараптуу консультациялар жана сапарлар аркылуу көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашты.

Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн баштапкы этабында билим берүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, туризм, коопсуздук жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык негизги багыттар катары талкууланды.

Бул контекстте министр Кулубаев 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлөрү катарына Кыргызстандын талапкерлигин колдоону өтүндү.

Ошондой эле министр Кыргыз Республикасына Африка Биримдигинде байкоочу макамын алуу боюнча Анголанын колдоосун суранды.

Ангола Кыргызстан дипломатиялык мамиле орноткон 172-мамлекет болуп калды.