Ноокаттык жигит көчөдө аялын тээп, ур-токмокко алган. Текшерүү иштери башталды
Кызыл-Кыяда көчөдө аялын тээп, ур-токмокко алган жарандын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя ушул жылдын 10-августунда катталган.
Аталган окуя боюнча материал Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аял кишиге зомбулук көрсөткөн жаран Ош облусунун Ноокат районунун 1995-жылы туулган тургуну М.Ж. экендиги аныкталды.
Ошондой эле видеодогу окуяга катышкан аял киши анын жубайы, 2001-жылы туулган З.Д. экендиги жана алардын үч баласы бар экени такталды.
Текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн жогорудагы эки жаран тергөө кызматына жеткирилип, окуя боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Текшерүү учурунда аял киши окуя боюнча арыз жазуудан баш тарткан. Учурда аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
