иллюстрациялык сүрөт
11 август
Кара-Балтада массалык мушташ катталып, 10го жакын жигит милицияга жеткирилди
Кара-Балтада массалык мушташ катталып, 10го жакын жигит милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирет.
Окуя 2026-жылдын 7синен 8-августуна караган түнү шаардагы Береговая көчөсүндө катталган.
Жерине ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барып, 17 жаштан 20 жашка чейинки жаштардын өз ара мушташып жаткандыгы аныкталган.
Аталган факты Жайыл РИИБде катталып, тиешелүү текшерүү иштери башталган.
Окуяга тиешеси бар 10го жакын жаш жигит милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын жаш курагы 17 жаштан 20 жашка чейин.
Учурда окуяга катышкан башка адамдардын өздүгүн жана окуяга тиешелүүлүгүн тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Материал боюнча мыйзам чегинде тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
