Түп районундагы Кең-Суу айылында ипотекалык батирлердин курулушу башталды
www
26 июнь

Түп районундагы Кең-Суу айылында ипотекалык батирлердин курулушу башталды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты.

Жаңы турак жай комплекси бардык заманбап инженердик коммуникациялар менен камсыздалат. Тактап айтканда, батирлер электр энергиясы, таза суу, канализация жана жылытуу системаларына туташтырылып, жашоочулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Долбоордун алкагында үч алты кабаттуу заманбап турак үй курулуп, жалпы 180 батир пайдаланууга берилет. Анын ичинен 42 бир бөлмөлүү, 102 эки бөлмөлүү жана 36 үч бөлмөлүү батир каралган.

Турак жай комплекси 1,65 гектар жер аянтында жайгашып, жашоочулар үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалат. Комплекстин аймагында балдар аянтчасы, кичи футбол аянтчасы, теннис корту, эс алуу жайлары, сейилдөө жолдору, жашылдандырылган аймактар, ички жолдор жана 220 унаага ылайыкталган автоунаа токтотуучу жай курулат.

Долбоордо бардык курактагы жашоочулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап жашоо чөйрөсүн түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган.