ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: БШК катышуучулар үчүн маанилүү маалыматтарды таратты
Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоочулар, шайлоо комисияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылды.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.
Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо укугуна Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары ээ.
Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өзү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү паспорттун чипине жазылган жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же добуш берүү күнүнө чейин 60 күндөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат.
Добуш берүү күнүнө чейин 53 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2025-жылдын 8-октябрына чейин көп мандаттуу шайлоо округдарындагы шайлоо участкалары боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылат, андан Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактап алсаңыз болот.
Ошондой эле добуш берүү күнүнө 47 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2025-жылдын 14-октябрына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет.
Өзүңүз жөнүндө маалыматтарды төмөндөгүлөрдөн тактасаңыз болот:
• 1255 же 119 номерлерине чалуу менен;
• www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу;
• шайлоо участогунда;
• “119” номерине өзүңүздүн ПИН-паспорттогу жеке идентификациялык номериңизди көрсөтүү менен СMС-билдирүү жиберүү аркылуу, Сиз шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыз (СМС-билдирүү жөнөтүү жана телефон чалуу акысыз).
