Панфилов районунда быйыл 30 чакырым жолго асфальт төшөлөт
www
7 июль

Панфилов районунда быйыл 30 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Чүй облусунун Панфилов районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө.

Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, 2026-жылга карата район аймагында жалпы 30 чакырым унаа жолуна асфальт-бетон төшөө пландалса, учурда анын 17 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү.

Атап айтканда, төмөнкү жол тилкелеринде асфальттоо иштери аяктады:

• Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырым тилкеси;

• Эфиронос – Тельман унаа жолунун 6 чакырым тилкеси;

• Партсъезд – Чорголо унаа жолунун 4 чакырым тилкеси.

Ошондой эле, учурда Панфилов – Мясзовхоз – Чалдовар жана Панфилов – Орто-Арык унаа жолдорунда асфальт төшөө иштерине даярдык көрүлүүдө.

Жолдорду жаңылоо иштери министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, белгиленген графикке ылайык уланууда.