Кыргызстанда турак жайды пайдаланууга берүү 13% өстү, ал эми ЕАЭБ боюнча 18%га жакын төмөндөдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
11 август

Кыргызстанда турак жайды пайдаланууга берүү 13% өстү, ал эми ЕАЭБ боюнча 18%га жакын төмөндөдү

2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанда 684,5 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди.

Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,1%га өскөн.

Ошол эле учурда ЕАЭБ боюнча турак жайды пайдаланууга берүү 17,7%га кыскарган.

Кыргызстандан тышкары өсүш Арменияда – 60%га жана Казакстанда – 4,5%га катталган.

Россияда турак жайды пайдаланууга берүү 21,7%га, Беларуста 19,5%га төмөндөгөн.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө беш айда пайдаланууга берилген турак жайдын жалпы көлөмүнүн 1,6%ы Кыргызстандын үлүшүнө туура келген.